Азия кубогу: Бишкектеги стадионду иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Сүрөт

Спорт жетекчилери атайын уюштуруучулар тобун түзүүгө да тапшырма берген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Футбол боюнча Азия кубогунун тандоо оюндарын өткөрүүгө карата Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 2

Футбол боюнча Азия кубогунун тандоо оюндарын өткөрүүгө карата Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду иретке келтирүү тапшырмасы берилди

2 / 2

Стадиондо өткөн көчмө жыйынга маданият министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев жана спорттук жайдын башкармалыгы катышкан

Стадиондо өткөн көчмө жыйынга маданият министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев жана спорттук жайдын башкармалыгы катышкан.
"Жыйындын алкагында стадионду оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү, трибуналарды даярдоо, футбол талаасына зарыл болгон шарттарды түзүү жана жашылдандыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле оюн өтүп жаткан учурда тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери талкууланды. Атайын уюштуруучулар тобу да түзүлмөй болду", — деп жазылган маалыматта.
Министр футбол боюнча курама командага эл аралык аренага чыгуусуна көмөк көрсөтүү керектигин айткан.
Эске салсак, 8, 11 жана 14-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогунун тандоо оюндары болот. Анда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы F тайпасында сингапурлук, мьянмалык жана тажикстандык атаандаштары менен ойнойт.
Июнда Бишкекте өтчү футбол оюндары шоу-программа менен коштолот