БИШКЕК, 27-май — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы айып короодогу өрттөнүп кеткен автоунаалардын ээлерине чыгымды ким төлөп берери боюнча суроого жооп берди.
Эске салсак, кечээ күнү ЖКККББнын Бишкектеги айып короосундагы төрт машина күйүп кеткен. ӨКМ билдиргендей, өрт саат 9:39да чектөөгө алынып, 10:00дө толугу менен өчүрүлгөн.
ЖКККББ экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында чыгымдын көлөмү жана өрттүн келип чыгуу себеби аныкталарын кабарлады. Анын мөөнөтү белгисиз. Тергөө амалдарынан кийин күнөөкөр тарап аныкталат. Ведомствонун алдын ала версиясы боюнча, өрт микроавтобустун салонунан чыккан.
ЖКККББ күн ысык учурда транспорттун ичине күйүү кооптуулугу жогору каражаттарды (зажигалка, батарейка, бөтөлкөдөгү суу) таштабоого чакырды.
Мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Апрель айынын соңунда ошол эле айып короодо төрт машина өрттөнгөн.