Жатын моюнчасын жабыркатат. Адис аялдар үчүн кооптуу вирусту атады. Видео

Гинеколог адамдын папиллома вирусун жуктургандар 70-80 жашка чейин жатын моюнчасын дарыгер-гинекологго көрсөтүп турушу керектигин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май. — Sputnik. Жатын моюнчасынын рагынын бирден-бир себеби адамдын папиллома вирусу экенин акушер-гинеколог Арсен Аскеров айтып берди.
Дарыгер бул ооруну эркектер деле жуктурганы менен кесепетин аялдар көп тарта турганын белгилеген.
"Адамдын папиллома вирусуна турмушка чыккан ар бир келин жолугат. Себеби ооруну эркектер алып жүрүп таратат. Эркек сүннөткө отурган болсо вирус жашабайт же аз болот. Кыздардын 97-98 пайызы вирусту өзү жок кыла алат. Калган учурда ал жатын моюнчасын жабыркатып, шишикти пайда кылат", — деди гинеколог.
Адис адамдын папиллома вирусун жуктургандар 70-80 жашка чейин жатын моюнчасын дарыгер-гинекологго маал-маалы менен көрсөтүп турушу керектигин кошумчалады.
Кыз баланын өсүүсүнүн үч стадиясына көңүл бургула. Гинекологдун видеосу