БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЕАЭБдин саммитинде интеграциялык биримдикти өнүктүрүүгө багытталган беш сунушун ортого салды.
"Бүгүнкү күндө биздин биримдиктин алдында жаңы милдеттер турат. Өзүбүзгө жана бүткүл дүйнөгө биздин интеграция жасалма тоскоолдуктарга карабастан, туруктуу прогрессивдүү өнүгүүсүн уланта аларын жана улантууга тийиш экендигин далилдешибиз керек. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары өз ара мамилелер, бүткүл интеграциялык бирикменин да, анын айрым мүчөлөрүнүн да өнүгүүсү бири-бирин толуктап турганын түшүнөт", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал учурдагы глобалдык жана аймактык чакырыктардын шартында бардык аракеттер бири-бирин колдоого жана жардам берүүгө багытталышы керектигин белгиледи.
"Дүйнөлүк экономикалык трансформациянын жана тышкы терс факторлордун таасиринин күчөшүнүн шартында биримдиктин экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен күч-аракеттер талап кылынат. Туруктуу өсүш үчүн ички резервдерди табышыбыз керек. Бул менимче ачык-айкын", — деди мамлекет башчы.
Аны менен катар Жапаров беш сунушун айтты:
1.
Ички рыноктун тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылуу;2.
Кызмат көрсөтүү рыногун либералдаштыруу боюнча ишти күчөтүү;3.
Жалпы каржы рыногун калыптандырууну аяктоо боюнча иштерди тездетүү;4.
Экономиканын бардык тармактарында импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтуу үчүн кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу менен өндүрүштү локалдаштырууну тезирээк баштоо керек;5.
Транспорттук-логистикалык инфраструктураларды биргелешип өнүктүрүү зарыл.