Улуттук банк Кыргызстанда доллар эмнеге кымбаттаганын түшүндүрдү

Финансылык көзөмөлдөөчү долларды алмаштыруу курсу суроо талаптын негизинде аныкталарын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандагы доллардын курсу боюнча абалга Улуттук банк комментарий берди.
Белгилей кетсек, акыркы сутка ичинде доллардын кымбаттаганы байкалууда. Жума күнү эртең менен сатып алуу 3,21 сомго өстү. Ал эми күн ичинде америкалык валюта банктарда дагы, акча алмаштыруу жайларында дагы кымбаттады.
"Ички валюта рыногунда чет элдик валютага болгон суроо талап бир аз өстү. Анткен менен абал туруктуу", — деди Улуттук банктан.
Финансылык көзөмөлдөөчү долларды алмаштыруу курсу суроо талаптын негизинде аныкталарын жана анын баасы күн сайын өзгөрүп турарын эске салды. Буга байланыштуу күн, жума, ай ичинде доллар же кымбаттап, же арзандап кетиши мүмкүн.
"Улуттук банк акча алмаштыруу курсу кескин жогорулап же төмөндөп кетсе абалды турукташтыруу үчүн валюталык интервенция жасап турат", — деди УБ.
Жыл башынан бери бул максатта чет элдик валютаны сатуу боюнча 284,3 миллион долларлык (анын 66,65 миллиону накталай сатылган) интервенция жасалган. Ошондой эле сатып алуу боюнча 46,45 миллион сомдук эки интервенция жасалган.
Жапаров: Кыргызстан ЕАЭБде улуттук валютага өтүүнү толугу менен колдойт