Сузакта окуучу кызды урган мугалим ишинен бошотулган жок

Мугалим дарылануудан келгенден кийин ишин улантарын айтышты. Анткен менен буга чейин анын жумуштан кеткенин кабарлашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте окуучу кызга кол көтөргөн информатика мугалиминин жумуштан кетүү тууралуу арызы канааттандырылган жок. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов билдирди.
"Мугалимге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, дарылануудан кийин жумушун улантат", — деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов.
Эске салсак, интернетте мугалим окуучу кызды башка-көзгө койгулап жатканы түшүп калган видео тараган. Кийинчерээк окуя эмнеден башталганы, 7-класстын окуучусу педагогго каяша айтып, урушуп жатканы тартылган тасма жүктөлгөн. Окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, милиция ишти иликтей баштаган.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, адистер тарабынан түзүлгөн атайын комиссия окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, натыйжада мугалим Эмгек кодексинин 381-беренеси ("Окуучуга, тарбиялануучуга карата күч колдонуп жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүшүнө байланышкан тарбиялоо усулдарын, анын ичинде бир жолу пайдаланганда") боюнча иштен бошотулган.
Сабалган кыздын ата-энеси мугалимге доосу жоктугун билдиргени кошумчаланды.
Ата-энелер маселенин аныгына жетип, анан чуулдаса. Мугалимдин күндөлүгү