Жапаров ЕАЭБ мамлекеттери 4 айда эмнеге жетишкенин айтып берди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти тышкы соода-сатыктын көлөмү пандемияга чейинки көрсөткүчкө жеткенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЕАЭБ саммитинде быйылкы жылдын төрт айындагы көрсөткүчтөр мындан аркы экономикалык өсүшкө болгон ишенимди бекемдегенин билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча биримдиктин ИДПсынын көлөмү 4,6 пайызга, Кыргызстандыкы 3,6 пайызга өскөн. Үчүнчү өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 884,2 миллиард долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн үчтөн бир бөлүккө жана пандемияга чейинки (2019-жыл) көрсөткүчтөрдөн 14,7 пайызга жогору.
"Быйылкы жылдын төрт айындагы көрсөткүчтөр мындан аркы экономикалык өсүшкө болгон ишенимди бекемдеди. Төрт айдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүү көлөмү 5,4 пайызды түздү. ЕАЭБ мамлекеттери менен болгон экспорттук операциялар биринчи кварталда 23 пайызга, импорттук операциялар өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 20,7 пайызга көбөйгөн", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле биримдик туруктуулугун жана дүйнөлүк кризистик абалдан чыгып кете аларын көрсөткөнүн белгилеген.
Сом купюралары. Архив
Жапаров: Кыргызстан ЕАЭБде улуттук валютага өтүүнү толугу менен колдойт