Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украина менен чек арасын бекемдеди

Украин улутчулдары Россия менен чектешкен жерлерде чек арачыларды коркутуу аракеттерин жасап жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия Украина менен чек арасын бекемдеп, сооттолгон техника жана курал-жарактар менен күчтөдү. Бул тууралуу Россиянын Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары, генерал Владимир Кулишовго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Украина менен чек арада куралдуу провокацияларды алдын алуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында чек ара бөлүктөрү резервдер менен бекемделди. Убактылуу кошумча чек ара заставалары жайгаштырылды. Коркунучтуу аймактарды сооттолгон техника жана кубаттуу курал-жарак менен кошумча келген кызматкерлер кайтарып жатат", — деди Кулишов.
Ал белгилегендей, украин улутчулдары Россия менен чектешкен жерлерде коркутуу аракеттерин жасап жатышат.
"Учурда кырдаал оор бойдон калууда. Украин улутчулдары Россия чек арачыларын аткылап, калктуу конуштарга артиллериялык сокку уруу менен коркутууга аракет кылууда. Курмандыктар жана кыйроолор жок эмес", — деди генерал.
Россия Украинадагы атайын операциясын 24-февралда баштаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык командир "Азовсталда" чет элдиктер болгонун айтты. Видео