Путин: ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды чечүүнү жашоо өзү талап кылууда

Акыркы эки жылда эле 30 чектөө алып салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. ЕАЭБ мейкиндигинде чыныгы тоскоолдуксуз, бирдиктүү рынокту түзүүнү турмуш талап кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мүчө өлкөлөрдүн экономикалык ведомстволору жана тескөөчү органдары ЕАЭБдин ички рыногунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылы үчүн калган чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды аныктоо, жоюу боюнча аракеттерин улантууда. Акыркы эки жылда эле мындай 30 чектөө алып салынган.
"Албетте, тоскоолдуктарды жоюу керек. Ошондо гана биз толук кандуу иштеп, интеграцияны күчөтө алабыз", — деди Путин.
Эскерте кетсек, ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия мүчө. Жыйынга Өзбекстан мамлекети байкоочу макамында катышты.