Путин: Батыштын бут тосконуна карабай ЕАЭБге кызыгуу күч экени кубандырат

Владимир Путин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдү интеграцияны күчөтүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тыгыз интеграциясы бул мамлекеттердин экономикасынын азыркыдан дагы күчтүүрөөк жана көз карандысыз болушуна шарт түзөт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди.
"Тыгыз интеграция биздин өлкөлөргө экономикалык жактан өнүгүүгө жана тышкы таасирлерден көз карандылыкты олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет. Интеграция курсунун артыкчылыктары азыркы учурда эл аралык татаал шартта өзгөчө ачык-айкын көрүнүп турат", — деди Путин.
Ошондой эле ал Батыштын конфронтациясына жана алардын интеграцияга тоскоол болуу аракеттерине карабастан, көптөгөн чет элдик өнөктөштөрдүн ЕАЭБге болгон кызыгуусу дагы эле өсүп жатканын айтты.
"Эл аралык оор кырдаалга карабастан, биздин биргеликте иштөөгө болгон аракетибиз кубандырат. Евразия экономикалык биримдигинин ишмердүүлүгүнө көптөгөн чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн кызыгуусу артып жатканы баарыбызга айкын көрүнүп турат", — деди РФ президенти.
Эскерте кетсек, ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия мүчө. Жыйынга Өзбекстан мамлекети байкоочу макамында катышууда.
Жапаров: Кыргызстан ЕАЭБде улуттук валютага өтүүнү толугу менен колдойт