Путин: ЕАЭБ азык-түлүк боюнча өзүнүн керектөөсүн толугу менен жаба алат

Россия лидери азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл буруу керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. ЕАЭБдин беш өлкөсүнүн баары өзүнүн өндүрүшү менен азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички керектөөсүн жаба алат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин интеграциялык бирикменин саммитинде билдирди.
Путин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси маанилүү жана мындан ары ага өзгөчө көңүл буруу керек деп эсептейт.
"Дүйнөдө кыйчалышкан кырдаал өкүм сүрүп турат. Биздин өлкөлөр мындай көйгөйлөрдү чечүүгө өтө олуттуу салым кошуп, Россия жана уюмга мүчө башка мамлекеттер жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө беш өлкө тең өзүнүн өндүрүшү менен азык-түлүктүн жана айыл чарба товарларынын негизги түрлөрү боюнча ички керектөөсүн толугу менен жабат", — деди Россия президенти.
Ошондой эле ал ЕАЭБ дүйнөдө айыл чарба продукцияларынын ири экспортёру экенин эске алуу менен жеткирүү чынжырчасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн мүмкүн болгон бардык чаралар колдонуларын айтты.
Жапаров саммитте ЕАЭБди өнүктүрүүгө багытталган 5 сунушун ортого салды