Ошто коомдук жайларга 105 видеокамера орнотулду

Видеокөзөмөл кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында орнотулду.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ош облусунда 105 жерге видеокамера коюлду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Камералар калк жыш жайгашкан жерлерге, автоунаа жолдоруна, ички иштер бөлүмдѳрүнүн нөөмөт жана убактылуу кармоочу жайларга орнотулган.
Ош облустук милициясы видеокөзөмөл кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды алдын алуу максатында коюлганын белгиледи.
Маалыматка ылайык, видеокамералар бирдиктүү тутумга бириктирилип, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин нөөмөт бөлүмүндөгү мониторингге туташтырылган.
Депутат Өмүрзаков Ошто тендер талаштан улам таза суу чыкпай жатат деп шектенди