Москва районунда жаш кызга ыдык көрсөткөн кишини бошоткон судья төрагалыктан түштү

Ал райондук соттун төрагалыгынан кеткени менен судья болуп иштей берет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жаш кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн кишини үй камагына бошоткон иши боюнча Москва райондук сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин дүкөндө иштеген 15 жаштагы кызга эркек киши жыныстык органын көрсөтүп, бир нече жолу ыдык көрсөткөнү айтылган. Кыздын апасы милицияга арыз жазып, кармагандан кийин Москва райондук соту аны үй камагына бошотуп жиберген. Бул окуя коомчулуктун кескин сынына кабылган.
Жогорку Сот буга байланыштуу Аскарбеков райондук соттун төрагалыгынан өз ыктыяры менен кеткенин белгиледи. Бирок ал судья болуп иштей берет.
"Арстанбек Аскарбеков жасаган аракети сот бийлигинин беделине негативдүү таасир этерин аңдап, коомчулуктагы сын-пикирлерге чек коюу үчүн төрагалыктан кетүү тууралуу арыз жазды", — деп айтылат маалыматта.
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков арызды кабыл алган.
Алымкадыр Бейшеналиев министрликтеги бир катар аткаминерлерди иштен алды