БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргызстанда курула турчу күн станциясын каржылоону ниеттенип жатат. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ЕАӨБ, КРдин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Жашыл финансы борбору (МФЦА) менен "Бишкек Солар" ЖЧКсы күн электростанцияларынын курулушунун биринчи этабын каржылоо боюнча кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Келишимге Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун алкагында кол коюлган.
"Күн станциясынын жылдык кубаттуулугу 50 мегаватты же 91 миллион киловатт-саатты түзөт. Жаңы объект Ысык-Көл районуна курулмакчы. Бул нерсе электр энергиясына болгон дефицитти азайтып, суу ресурстарын үнөмдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Башкы подрядчы — казакстандык инжиниринг компаниясы болуп эсептелген ТОО "ТехноГруппСервис". Алар энергиянын кайра жаралуу булагы боюнча долбоорлор менен иштеп келет.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, күн электр станциясын курууга ЕАӨБ 40 миллион долларга чейин бөлүшү мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан Евразия экономикалык форумунун эл аралык медиа өнөктөшү болду.