БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын расмий өкүлү Ия Малкина брифингде кечээ күнү Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунда айтылган эң кызыктуу идеяларды санап берди.
"Россиянын президенти Владимир Путиндин ири евразиялык өнөктөштүктү комплекстүү өнүктүрүү стратегиясын аныктап чыгуу сунушуна көңүл бурбай коюуга болбойт. ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович бул идеяны колдоп, биримдиктин узак мөөнөттүү экономикалык программасын иштеп чыгуу керектигин айтты", — деди Малкина.
Мындан тышкары, ЕАЭБ мамлекеттериндеги бизнесмендерге талаш-тартыштарды чечүүнүн майнаптуу жолун табууга жардам берген мамлекеттер аралык арбитраж түзүү сунушу түшкөн. Туризмди өнүктүрүү маселеси дагы каралып, медициналык туризмди өнүктүрүүгө басым жасалган.
"Россиянын энергетика министри жаңы түтүктөрдү куруп, азыркыларын кеңейтүүнү сунуштады. Бул өзгөчө Түштүк Азияга кеткен түтүктөр долбоору үчүн маанилүү. Казакстандын аймагы аркылуу Сибирден Кыргызстанга узартылган линия (түз агым) курулушу мүмкүн. Бул нерсе бардык көйгөйлөрдү жумшартып, интеграциянын эффективдүү элементтеринин бири болуп калмакчы", — деди Малкина.
Sputnik Кыргызстан Евразия экономикалык форумунун эл аралык медиа өнөктөшү болду.