Жапаров: Кыргызстан ЕАЭБде улуттук валютага өтүүнү толугу менен колдойт

Мындай кадамга баруу геосаясий кырдаал оорлошкон азыркы маалда өтө маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүндө улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүүнү толугу менен колдойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн финансылык туруктуулугун камсыздоодо белгилүү алгоритм жана улуттук валюта менен эсептешүү формасына өтүү аябай маанилүү аспект болот. Бул өзгөчө геосаясий кырдаал оорлошкон азыркы маалда өтө маанилүү. Буга байланыштуу Кыргызстан товарга өз ара эсептешүү үчүн улуттук валютаны колдонууну толугу менен колдойт", — деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчы чет өлкөнүн валютасы олку-солку болуп жатканына байланыштуу улуттук валютага өтүү импорттук инфляциянын улуттук валютага болгон басымын азайтуучу факторлордун бири болорун белгиледи.
Эскерте кетсек, ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия мүчө. Жыйынга Өзбекстан мамлекети байкоочу макамында катышууда.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити. Видео