"Кумтөрдөгү" жер кыртышынын жылышы. КГК комментарий берди

Адамдардын жана техниканын коопсуздугу үчүн тоо-кен иштери аталган участкада убактылуу токтотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Кумтөр" кениндеги абалга "Кумтөр голд компани" түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, 18-майда "Кумтөр" кениндеги "Борбордук" карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездей баштаганынын себебин аныктоо үчүн комиссия түзүлгөн.
"Кумтөр голд компани" ишканасынын геотехникалык кызматы Cut-back 20 аймагындагы карьерде жер кыртышы жылганын маалымдады. Адамдардын жана техниканын коопсуздугу үчүн тоо-кен иштери аталган жерде убактылуу токтотулду. Кендин бардык кызматтары штаттык режимде иштеп жатат", — деди КГКдан.
Компаниядан белгилегендей, жетекчилик тийиштүү адистер менен биргеликте абалды иликтөөдө. Аталган аймакта иш жүргүзүүгө коопсуздук кепилдиги берилгенде гана иш улантылары айтылды.
КГК компаниянын адистеринин комментарийи менен бөлүштү. "Кумтөр голд компани" ишканасынын тоо-кен бөлүмүнүн менеджери Алмаз Чомокеевдин айтымында, жер кыртышынын жылышынын себеби аныкталууда.
"Адистер иштеп жатышат. 2002-жылы бул аймакта жарака кетип, жер кыртышы жылган. 2006-жылы дагы бул бортто деформация болгон", — деди ал.
КГКнын башкы инженери Манас Кабаев Кумтөр катаал геологиялык аймакта жайгашкандыктан мындай көрүнүштөр болуп турарын белгиледи. Анын айтымында, жер кыртышы буга чейин дагы жылып, абалга баа берүү үчүн адистер чакыртылып турган.
Бишкек шаардык соту Кумтөр боюнча 261,7 млрд. сомдук айыпты жокко чыгарды