Батыш эки аксакалынан англосактардын глобалдык долбооруна бөгөт болгон учурдун чакырыктарына каршы күрөшүүнүн жолун күтөрүн боолголойт Петр Акопов. Бул сапар серепчи аталган эки аксакалдын дүйнөдөгү азыркы кырдаал жаатындагы пикирлеринин тегерегинде ой учугун чубаган.
Давосто өткөн форумда эки карыя атлантикалык элитанын эки негизги жолун белгилеп, Россия тууралуу айтышты. Жалпы мүнөзү бир болгону менен эки көз караш тең бири-биринен принципиалдуу түрдө айырмаланат.
Сорос: "Кол салуу, балким, үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышы болгондур, биздин цивилизация ага туруштук бере албай калышы ыктымал. Аны сактап калуунун мыкты, мүмкүн, жападан жалгыз ыкмасы Путинди болушунча тезирээк жеңүү" – дейт. Бул кишинин: "Бул согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу үчүн бардык ресурстарыбызды тартууга тийишпиз" дегени – тынчтык сүйлөшүүлөр эмес, дал Россияны жеңүү керектигин баса белгилегени.
Ал эми англосактардын арасындагы реалисттердин көз карашын Генри Киссинжер чагылдырат. "Россия 400 жылдан бери Европанын маанилүү бөлүгү болуп келген. Ушул мезгил ичинде европалык саясатка негизинен анын Россиянын ролу тууралуу баасы таасир эткен. Кээде байкоочу, бирок бир катар учурда кепилдик же европалык тең салмактуулукту калыптандырууга мүмкүндүк берген инструмент катары роль ойногон. Россияны Кытай менен туруктуу союздаштыкка түртпөш үчүн азыркы саясат ошол ролду кайра калыбына келтирүүнү эске алышы шарт", – деген көз карашта дээрлик кылым карыткан карыя.
"Мындай абалдан чыгуунун эң туура жолу – Украинаны Россия менен Европанын ортосундагы көпүрө, бөлүктү көрсөтүп, чийин катары нейтралдуу мамлекет кылып түптөө". Анын баамында, андай ыкмага дал ошол маңызында кайтуу мүмкүн болбой калды, бирок баары бир аны түпкү максат катары кароого арзыйт.
"Согушту токтотуу үчүн тынчтык жөнүндөгү сүйлөшүүлөргө жакынкы эки айда кадам таштоо керек. Буга кайра кайткыс чекке, айрыкча Россия, Грузия жана Украинанын Европа менен алакасындагы улам оорлоштурган чыңалууга жеткирбей аткаруу абзел. Менин баамымда, жаңжалга Польшанын чегинен тыш аралашуусу (Батыштын — автордун тактоосу) Украинанын эркиндиги үчүн эмес, Россиянын өзүнө каршы согушка алып барат", – деп болжойт Батыштын аксакал ишмерлеринин бири.
Эгер Сорос үчүн ааламдашуунун келечеги, ал эми Киссинжер үчүн Батыштын дүйнө түзүмүндөгү орчундуу ролу чоң мааниге ээ. Жупунураак максат болсо да реалдуу.
Кытай менен Россия ачык коомго чоң коркунуч келтирет деген ойдо Сорос. Аксакалдар Москва менен Пекиндин мамилеси Батыштын стратегиясынан көз каранды болбой калганына көп болгонуна моюн сунгусу жок. Кандай болгон күндө да Киссинжердин позициясы Соростукуна караганда реалдуу, анткени Россияны жеңүүгө Батыштын дарманы келбейт (чабал болгону үчүн эмес, ставкалардын ар кылдыгынан улам...). Дал Батыштын долбооруна каршы туруу зарылдыгынан улам союздаштык Москва менен Пекиндин стратегиялык тандоо болгондуктан, Россияны Кытайдан оолактатуу мүмкүн эмес. Анткен менен Европа жана Россиянын мамилеси биротоло үзүлүшүнө жол бербей коюуга болот.
Киссинжердин билдирүүсүн Киевдегилер гана эмес, атлантикалык каймактардын бир кыйла бөлүгү да "давостук дүрбөлөңчүнүн" пикириндей кабылдоодо. Дал ушул абал дүйнө таанымдын каатчылыгын, реалдуулукту моюнга алуудан баш тартууну айгинелеп турат. Ошол абалдан улам акылга сыйбаган максат, аракеттер жаралып, өз жагдайларын начарлатууда. Москваны жеңүүгө басым жасоо — Батыштын өтө чоң катачылыгы.
Анткен менен Киссинжердин планын да англосактар үчүн ийгиликтүү дешке болбойт, анткени ал деле Сорос өңдүү Россияны тоготпой, анын максаттарын да түшүнбөйт.
Нейтралдуу Украина тууралуу 2022-жылдын 24-февралына, Януковичти кулатууга жана Евромайдандагы жеңишке чейин айтылышы абзел эле, эми ал Батыш менен Россиянын ортосундагы компромисстин предмети боло албайт.
Батыш болгон күчү менен РФ баштаган процесске бут тосуп, жаңжалды создуктурууга тырышканы менен эртеби-кечпи реалдуулукка баш ийип, Европа чек араларын кайра карап чыгуунун кезектеги аракетинен бул ирет да майнап чыкпай калганын моюнга алганы оң.