Кезектеги саммит Бишкекте өтөт, Кожошев — ЕЭК министри. Жыйынтык

Жогорку евразиялык кеңештин кезектеги отуруму быйыл Бишкек шаарында декабрь айында болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку евразиялык кеңештин экономикалык жыйыны соңуна чыккандыгын Евразиялык экономикалык кеңештин (ЕЭК) маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында ЕАЭБ лидерлеринин саммити онлайн-форматта өттү.
Отурумдун негизи жыйынтыгы:
Жогорку евразиялык кеңеш Индонезия менен эркин соода жүргүзүү үчүн келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алды;
ЕАЭБ жетекчилери 2022-2023-жылга карата биримдиктин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын бекитишти;
Евразиялык экономикалык биримдиктин күнү деп 29-майды бекитишти. 2014-жылы дал ушул күнү ЕАЭБ боюнча келишимге кол коюлган;
Жогорку евразиялык кеңеш Кыргызстандан ЕЭКтин жаңы мүчөлүгүнө, Энергетика жана инфраструктура министрлигине Арзыбек Кожошевди дайындады. Буга чейин Темирбек Асанбеков иштеп келген;
Жогорку евразиялык кеңештин кезектеги отуруму Бишкек шаарында декабрь айында болору айтылды.
Путин: Батыштын бут тосконуна карабай ЕАЭБге кызыгуу күч экени кубандырат