Казакстанда быйыл буудайдын түшүмү жакшы болот деп күтүлүүдө

Казакстандагы буудайдын түшүмдүүлүгү Кыргызстан үчүн дагы маанилүү. Анткени өлкө ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Россиядан импорттойт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Казакстанда быйыл күздүк буудайдын түшүмдүүлүгү жакшы болору божомолдонуп жатат. Бул тууралуу "Казгидромет" мамлекеттик метеорология кызматынын божомолуна таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Быйыл күздүк буудайдын өсүшү жана жетилиши үчүн жагымдуу метеорологиялык шарттар түзүлдү. Эсептөө маалыматтары боюнча, Казакстандын түштүк облустарынын көпчүлүк аймактарында күздүк буудайдын түшүмдүүлүгү мол болмокчу. Орточо түшүмдүүлүк Алматы облусунда гектарына 19 центнер, Түркстан облусунда 17,5 центнер, Жамбыл облусунда 15,7 центнерди түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Анткен менен синоптиктер айрым аймактарда жаан-чачын нормадан төмөн болорун божомолдошкон. Мисалы, Кызылордо жана Мангыстау облустарында кургакчылык өкүм сүрөрү айтылууда.
Казакстандагы буудайдын түшүмдүүлүгү Кыргызстан үчүн дагы маанилүү. Анткени өлкө ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Россиядан импорттойт. 2021-жылы буудай импортунун 41 пайызы Казакстанга туура келген.
Кытай: Россия менен Украинадан эгин экспорттоо үчүн "жашыл коридор" түзүү керек