Радио

Асанбеков: ЕАЭБдин бирдиктүү энергетика рыногу экономиканын негизи болот

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбеков ЕАЭБде энергетикалык кубаттуулукту чечкенде гана өнөр жайды өнүктүрүүгө жол ачыларын айтты.
Sputnik
Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунда ЕАЭБдеги жалпы энергетикалык рынок түзүүдө техникалык, юридикалык маселелерге басым жасалды. Бул тууралуу Темирбек Асанбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагында энергетикалык ресурстардын ич ара соодалашуусу, техникалык жактан камсыздалышы, кубаттуулуктарды бири-бирине жеткирүү иштери каралып, 2025-жылга чейин долбоорду ишке ашыруу мерчемделген.
"Энергетика Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Эгерде бул тармак өнүкпөсө, өнөр жай иштетүү кубаттуулугу жакшырбайт. Ал эми транспорт өнүкпөсө товарларды ири рынокко киргизүү кыйындайт. Андыктан Бишкекте өткөн I Евразиялык экономикалык форумунун маанилүүлүгү абдан жогору. Бул аянт чогулган маселелерди талкуулап, бирдиктүү чечимге келүүгө өбөлгө түздү. 2020-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жетекчилери евразиялык интеграциялык багыттарды күчтөндүрүүгө арналган стратегиялык пландарды кабыл алган. Анын ичинде энергетикалык кубаттуулукту биргелешип жакшыртуу, жалпы энергетикалык рынокту түзүү каралган. Энергетикалык ресурстардын ич ара соодалашуусу, техникалык жактан камсыздалышы, кубаттуулуктарды бири-бирине жеткирүү иштери мерчемделип, 2025-жылга чейин долбоорду ишке ашыруу аракети болот. Форумда жалпы энергетикалык рынокту түзүүдө техникалык, юридикалык маселелерге да басым жасалды. Тобокелчиликтерди, карама-каршылыктарды, жеке кызыкчылыктарды эске алуу менен бул багытта жетишкендиктерге багыт аларыбызга көзүбүз жетип турат. Себеби бул экономиканын өсүшүнүн негизи болот", — деди Асанбеков.
Ошондой эле адис ЕАЭБдин алкагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоого багытталган иштерге басым жасаларын кошумчалады.