БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Донецк Элдик Республикасындагы бошотулган Новосёловка поселогу дайыма аткылоого кабылгандыктан дээрлик талкаланып калды. Бул тууралуу RT жазып, Тelegram-каналына видеосун жарыялады.
Аталган республиканын элдик милициясынан аймактагы үйлөрдүн, коомдук жайлардын аткылоодон улам талкаланып калгандыгын айтышкан. Муну Новосёловканын дрон менен тартылган видеосунан да даана көрүүгө болот.
Улутчулдардын изин алардын ар бир үйгө калтырган ок-дарыларынан улам байкоого болорун кабарлашты.