БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Карамык жолунун 66-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын чиркегичиндеги контейнери Hyundai Porter машинасын басып калып, анын кесепетинен үч адам көз жумду. Экөө жаш бала. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Чоң Алай районундагы Каздын тумшугу деп аталган тилкеде болгон. Жүк ташуучу контейнер карама-каршы келе жаткан Porterавто унаасынын кабинасын басып калган.
Кырсыктын кесепетинен төрт жашар бөбөк тез жардам унаасында чарчап калган, 6 жаштагы бала менен 36 жаштагы киши жеринде мүрт кеткен. Ал эми 29 жаштагы жигит жаракат алган.
Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды жана каза болгондордун сөөгүн автоунаадан чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.