Колдооңорго рахмат! Благовещенск мэри Кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Видео

Благовещенск менен Хэйхэ шаарларынын ортосунда визасыз режим орнотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Благовещенск шаарынын мэри Олег Имамеев өзүнүн каналында Кытайдын Россияга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эске салсак, социалдык тармакка Благовещенск шаары менен чектешкен (Амур дарыясы аркылуу) Хэйхэ калаасында (Кытай тараптан) асманга "Россия, сени менен биргебиз" деген лазердик жазуу пайда болгон.
Эки шаардын ортосунда визасыз режим өкүм сүрүп келет. Жээктеги көп кабаттуу имараттар менен серп дөңгөлөктө маал-маалы менен тематикалык жазуулар, куттуктоолор чыгып турат. Мындан эки жыл мурда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата куттуктоо пайда болгон. Жогоруда сөз болуп жаткан жазуу да ошондой алакалаштыктын бир белгиси болуп калды.
"Бүгүн социалдык тармакка Благовещенск жана Хэйхэ шаарлары чектешкен жерде Кытай жактан жазуу пайда болгон. Видео качан тартылганын билбейт экенмин, бирок анын убактысы мааниге ээ эмес. Эмне болгон күндө да коңшуларыбыз Россия жана анын эли менен тилектештигин көрсөттү. Мындай кадамы үчүн ыраазычылык билдирем!" — деп жазган Имамеев.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияга каршы санкция. Кытайда өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кайрылуу жасалды