Бишкекте борбордук мечит бузулмай болду

Анын ордуна демөөрчүлөрдүн эсебинен 10 миң кишиге ылайыкташкан жаңы мечит салуу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкекте Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги борбордук мечит бузула турган болду.
Муфтият билдиргендей, анын ордуна демөөрчүлөрдүн эсебинен 10 миң кишиге ылайыкташкан жаңы мечит салуу пландалууда.
Мусулмандар дин башкармалыгы азыркы мечит 1995-жылы салынганын айтып, бир топ көйгөйлөр жарала баштаганын белгиледи.
"Жамгыр жааганда чатырынан суу тамып, жума намаз учурунда аталган райондо жол тыгыны жаралып, унааларды коёрго жер табылбай калчу. Орун жетпей калган учурда кышкысын сыртта намаз окуган учурлар болгон. Ушундан улам жаңы, заманбап, кыргыз колоритинде мечит курууну чечтик. Бир айдын ичинде капсула салууну пландап, долбоорун даярдап жатабыз", — деди муфтияттын маалымат кызматы.
Жаңы салынчу мечиттин алдында унаа токтотуучу жайы да болору айтылды. Анын жанындагы 1944-жылы курулган мечит музей болуп калмакчы.
Бишкекте үй товарларын өндүргөн завод ачылды. Сүрөт