БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда машина кызды коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Анын айтымында, окуя "Ала-Тоо" аянтындагы жөө адамдар өтө турган чийинде, милиция бөлүмүнүн маңдайында болгон. 20 жаш чамасындагы кыз жабыркаган.
Жерине Патрулдук милициянын инспекторлору барган. Ал эми Тез жардам кызматы келе элек.