Кечээ Бишкек менен Чүйдө эки адам сууга агып, биринин сөөгү табыла элек

54 жаштагы кишинин сөөгү кырсык болгон күнү кечки саат 18:30да "Ала-Арча" суу сактагычынан табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кечээ, 26-майда, Бишкек менен Чүйдө эки адам сууга агып, бирөөнүн сөөгү табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында "Ала-Арча" суу сактагычына 54 жаштагы киши (толук аты-жөнү такталууда) түшүп кеткен.
"Жерине төрт куткаруучу жана үч суучул барып, издөө иштеринин натыйжасында сууга чөккөн адамдын сөөгүн саат 18:30да табышкан", — деп айтылат маалыматта.
Ушундай эле кырсык Бишкек шаарында катталган. Анда 112 кызматына Көлбаев менен Чокон Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналга бир киши түшүп кеткендиги тууралуу кабар түшкөн. Сууга аккан адамды 19 куткаруучу издеп, бирок натыйжа болгон эмес. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да издөөнү токтотушкан.
Милиционер Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишини сактап калды. Видео