ФСБ: Афганистандан Борбор Азияга чыккан баңгизаттын көлөмү эки эсе көбөйдү

Россиялык чек арачылар тажикстандык, кыргызстандык жана казакстандык өнөктөштөрү менен тыгыз иштешүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Афганистандан Борбор Азияга ташылып чыккан баңгизаттын көлөмү 2021-жылы эки эсе өстү. Бул тууралуу Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Кулишов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Азыркы тапта Афганистандагы абал оор бойдон калууда. Социалдык-экономикалык себептерден сырткары, эл аралык террордук уюмдардын түрдүү топторунун келиши өлкөдөгү кырдаалды курчутуп жатат. Алар бийлик түзүмдөрүндө өзүнүн позициясын күчөтүүгө аракет кылып, учурдагы бийлик менен да каршылашууда", — деп айткан Кулишев "Российская газета" басылмасына берген маегинде.
Анын айтымында, Афганистандагы гуманитардык курч кризис кылмыштуу топтордун ишинин активдешүүсүн, коңшу өлкөлөргө баңгизат ташууну шарттайт. Ошондой эле качкындардын агымы менен эл аралык террорчулардын Борбор Азия регионуна жана Россияга кирип келүү тобокелчилигин жаратат.
"2021-жылы Афганистандан Борбор Азияга алып өткөн баңгизаттын көлөмү эки эсе көбөйдү. Тажикстанда эле 3,5 тонна баңгизат каражаттары мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган, 2020-жылы бул 1,7 тонна болчу", — деди Чек ара кызматынын жетекчиси.
Кулишов кырдаалды эске алуу менен россиялык чек арачылар тажикстандык, кыргызстандык жана казакстандык өнөктөштөрү менен тыгыз иштешип жатканын белгиледи.
155 млн. сомдук баңгизат: Кыргызстан менен Казакстанда атайын операция өттү. Видео