30-майдан 3-июнга чейин Боомдун жолу маал-маалы менен жабылып турат. Себеби

Жолду тазалоо учурунда транспорт 30-40тан топтолуп калганда бир тилке боюнча жүрөрүн кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. 30-майдан 3-июнга чейин Боом капчыгайында, тагыраагы, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда таш түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жол" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлады.
Бул иштер аталган трассанын 129-чакырымы, темир жолдун 3899-чакырымында саат 09:00дөн 15:00гө чейин жасалары айтылды.
Таш түшүрүү учурунда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тосуп турмакчы.
"Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча жүрөт. 30-40тан ашык автоунаа топтолуп калганда таш түшүрүү токтоп, андан соң өткөрүлөт", — деп айтылган маалыматта.
"Кыргыз темир жолу" бул иш-чаралар таштардын кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын эске салды.
Евразия экономикалык форуму
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Долбоор Евразияда чоң секирик жасайт