Жума күнгө карата аба ырайы

27-майда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жума күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Талас чөлкөмүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын өрөөнүндө +19…+24 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +28…+30, Ош калаасында +29…+31 градус болот.
Жаан, кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты