ЖКККББнын айып короосундагы төрт автоунаа өрттөнүп кетти. Сүрөт

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып короосунда турган төрт унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бүгүн Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып короосунда турган төрт унаа күйүп кетти

2 / 4

Өрт саат 9:39да чектөөгө алынган, ал эми 10:00дө толугу менен өчүрүлгөн

3 / 4

Автокөлүктөр толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

4 / 4

Мындан бир ай мурун да ЖКККББнын айып короосунан төрт машина күйгөн.

Өрт саат 9:39да чектөөгө алынган, ал эми 10:00дө толугу менен өчүрүлгөн.
Күйүп кеткен автоунаалар:
1.
Mercedes-Benz Sprinter;
2.
KIA Rio;
3.
Honda Accord;
4.
Ford Focus.
Автокөлүктөр толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Мындан бир ай мурун да ЖКККББнын айып короосунан төрт машина күйгөн.
Бишкектеги өрт: ӨКМ күйгөн имараттардын видеосун таратты