БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Интернетте үй тазалоо боюнча чебер катары таанылган белгилүү блогер Софи Хинчелиф (миссис Хинч) үйдөгү кумурскалардан арылуунун жөнөкөй жолун айтып берди. Анын кеңешин Express басылмасы бөлүштү.
Маселени чечүү үчүн сода жана кант упасы керек.
"Бул аралашма атайын пестициддерден айырмаланып эффективдүү жана коопсуз экени далилденген. Ал тургай муну кумурскалар жакшы көргөн ашканада да колдонсо болот", — деди ал.
Хинчлиф тамак-аш содасы менен кант упасын бирдей өлчөмдө аралаштырып, курт-кумурскалар эң көп жерлерге чачып, андан соң алар толугу менен жок болгуча үзгүлтүксүз кайталап туруу керектигин айтат.
"Кумурскалар үйгө кирип жаткан тешикти таап, аны бүтөп салуу керек. Эгерде кумурскалар шкафтарды аралап жатса, текчелерге сода менен кант аралашмасын тайыз идишке салып коюу керек”, — дейт блогер.
Бул аралашма, Хинчтин айтымында, кумурскаларды ичинен кургатып салат. Тагыраагы, кант майда жандыктарды өзүнө тарта турган таттуу азык болгону менен сода алардын организмине пайда алып келбейт.