БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси быйыл даярдалып бүтөт. Бул туурасында Кыргызстандын транспорт, жана коммуникация министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев билдирди.
Ал Евразиялык экономикалык форумдун "Транспорттук комплекс — Евразия экономикалык интеграциясынын каркасы" сессиясында сүйлөдү.
"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу өтө перспективдүү долбоор деп эсептейм. Ал тынымсыз өнүгүп жаткан Кытай менен Азияны, андан ары Европаны байланыштырат. Долбоорду ишке ашыруу активдеше баштады, үч өлкөнүн тең мамлекет башчылары чоң маани берип жатышат. Бул биринчи кезекте Кыргызстандын, кийин Азия менен Европанын соода жүгүртүүсүнө чоң секирик жасайт. Долбоор жакынкы келечекте ишке ашат деп үмүттөнөбүз", — деди Тургунбаев.
Ошондой эле ал курулуш иштери качан аяктай турганын айтуу азырынча эрте экенин белгиледи. Бирок быйыл үч өлкөнүн катышуусу менен техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетикалык жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу болот.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.