Мугалимдин окуучу кызды сабашы: окуянын кандайча башталганы боюнча видео тарады

Кадрлардан мугалим окуучуларды уруша баштаганы көрүнүп турат. Ошол учурда окуучулардын бири тура калып катуу сүйлөп кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Сузак районунун Сафаровка айылындагы мектепте окуучу сабалганга чейин аны менен мугалимдин ортосунда уруш чыккан. Кечээ интернетке окуучу кыз класста мугалим тарабынан сабалып жаткан видео чыккан. Кийин окуянын башталышы боюнча видео тарады.
Видеодо информатика мугалими 7-класстын окуучуларын урушуп жатат. Кыз отурган жеринен ыргып туруп, кыйкырып сүйлөй баштайт. Мугалимдин кызы тууралуу дагы сөз болуп, апасы аны коргоп жатканын көрүүгө болот.
Билим берүү жана илим министрлиги окуянын себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди. Жергиликтүү милиция дагы текшерип жатат.
ӨКМ: Чаткалда класстын шыбы урап түшүп, ичиндегилер ооруканага жөнөтүлдү. Сүрөт