Евразия экономикалык форуму

Путин: көз карандысыз саясат жүргүзүүнү каалаган өлкөлөр көбөйүүдө

Путин белгилегендей, учурдагы көйгөйлөр аны жараткандардын өз башына муш болуп тиет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Көз карандысыз саясат жүргүзүүнү каалаган мамлекеттердин катары калыңдап жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун онлайн-форматтагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кеп Россия менен Кытай жөнүндө гана болуп жаткан жок, анын ичинде дүйнөнүн көптөгөн башка мамлекеттери дагы бар.
"Эч бир жандарм бул кадимки процессти токтото албайт. Ага күч дагы жетпейт. Өз өлкөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүдө мындай саясаттын келечеги жок экени тууралуу түшүнүк келет", — деди Путин.
Ал ошондой эле финансы менен соода-сатык тармагындагы өзгөрүүлөр башкалар күткөн натыйжаны бербей турганын белгиледи.
"Жөнөкөй тил менен айтканда, учурдагы көйгөйлөр аны жараткандардын өз башына муш болуп тиет. Бирөөнүн активдерин уурдоо эч качан жакшылыкка алып келбейт. Батыш мамлекеттери дүйнөлүк саясаттан, маданияттан жана спорттон каалаган ыңгайсыз тараптарды чийип салса болот деп эсептешет. Бирок андайга жетишүү мүмкүн эмес", — деди Путин.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Садыр Жапаров: дүйнө олку-солку болуп турганда ЕАЭБ ичинде бекем бололу