Евразия экономикалык форуму

Россия Казакстан аркылуу Кыргызстанга энергетикалык коридор курууну көздөөдө

Процесстин максаттарынын бири — өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарынын балансын сактоо.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү туруктуу энергетикалык коридор тууралуу сөз кыла баштады. Анда Казакстан аймагы аркылуу Россиядан Кыргызстанга түз ток өткөрүүчү линияны куруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумда Россиянын энергетика министри Николай Шульгинов билдирди.
"Координациялык кеңешке берилген кызыктуу долбоорлордун бири — Казакстандын аймагы аркылуу Сибирден Кыргызстанга узартылган линияны (түз агым) куруу. Бул ЕАЭБ ортосундагы электр кубатын алмашууну күчөтөт", — деди министр.
Ал эми Казакстандын энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов республика жалпы энергетикалык коридор түзүү идеясын колдой турганын жана март айында парламент тиешелүү келишимдерди ратификациялаганын билдирди.
Казакстан, Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Россия 2025-жылдын 1-январына чейин улуттук электр энергия рынокторун интеграциялоо аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы электр энергиясынын рыногун түзүүнү пландаштырууда. Процесстин максаттарынын бири — өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарынын балансын сактоо.
Эми ЕАЭБдин ар бир мүчөсү өз алдынча энергетикалык балансты ички керектөөлөргө ылайыктап түзөт. Бирдиктүү рынокко өтүү менен системалар бири-бирин толуктап иштей алат.
Евразия экономикалык форуму
Россия Тажикстандын Борбор Азия энергошакекчесине кайтып келишин каалайт