Евразия экономикалык форуму

Путин: россиялык бизнесмендер кетип калган Батыш компанияларынын ордун ээлейт

26-майда Кыргызстандын борборунда Евразия экономикалык форуму өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин россиялык бизнес өлкөдөн чыгып кеткен Батыш компанияларынын ордун толтурарын айтты. Ал Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун онлайн-форматтагы жыйынына катышты.
"Көптөр кетип жатканын жар салды. Билесиздерби, аларды карап отуруп... Кудай жалгасын, биз алардын ордун ээлейбиз. Биздин өндүрүш өстү жана кесиптештери даярдап кеткен жерге барып "отурат". Эч нерсе өзгөрбөйт", — деди Путин.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Путин: Россияны глобалдык экономикадан эч ким сүрүп чыгара албайт