Евразия экономикалык форуму

Путин: Россияны глобалдык экономикадан эч ким сүрүп чыгара албайт

РФ лидери евразиялык интеграцияны өнүктүрүү азыркы кырдаалга байланыштуу эмес экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россияны глобалдык экономикадан сүрүп чыгаргылары келип жатат, бирок ал мүмкүн эмес. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Ал Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынына онлайн катышып, сөз сүйлөдү.
Путин евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн азыркы кырдаал менен байланышы жок экенин белгилеген. Себеби ЕАЭБ бир топ жыл мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Россия мамилени евразиялык өнөктөштүктүн алкагында түзө баштаганына көп болду. Бул глобалдык экономикалык тенденцияларга, экономикалык өнүгүүнүн борбору акырындап Азия-Тынч океан регионуна жылып жатканына байланыштуу болгон
"Албетте, биз өнүккөн экономикалардын жогорку технологиялык артыкчылыктарын түшүнөбүз. Андан бөлүнүп кетүү оюбузда жок. Бизди ал жактан бир аз сүрүп чыгаргылары келип жатат. Бирок азыркы заманда бул мүмкүн эмес. Өзүбүз эле дубал менен бөлүнүп албасак, Россия сыяктуу мамлекетти эч ким оолактата албайт", — деген Путин.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Анда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусунда пленардык жыйын болду. Ага Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын жетекчиси Касым-Жоамарт Токаев жана Россия лидери Владимир Путин катышты. Андан сырткары, Беларустун премьер-министри Роман Головченко да болду.
Буга чейин форумдун алкагында жыйырмадай тематикалык сессия өткөн.
Евразия экономикалык форуму
Садыр Жапаров: дүйнө олку-солку болуп турганда ЕАЭБ ичинде бекем бололу