Министр Бейшеналиев Сузакта мугалимдин окуучуну сабашы боюнча оюн айтты

Бейшеналиев тарбия билим берүү мекемесинен эмес, үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталып, бала бакча, мектеп жана университеттен калыптанарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Сузакта мугалимдин окуучу кызды сабашы боюнча пикирин Sputnik агенттигине билдирди.
Ал мынчалык деңгээлдеги окуяга тарбиянын тайкылыгы себепкер болду деген пикирде экенин белгилеп, мугалимге дагы сын айтты.
"Албетте, мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек эле. Бирок коомдо мугалимди ушундай абалга жеткирген да жагдайлар болуп калышы мүмкүн экенин унутпоо керек. Мынчалык деңгээлдеги окуяга тарбиянын тайкылыгы себепкер болду деген пикирдемин. Тарбия билим берүү мекемесинен эмес, үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталып, бала бакча, мектеп жана университеттен калыптанат. Эгер баланын үй-бүлөсүндө жакшы тарбия берилген болсо, бул окуя болмок эмес. Мугалим дагы ачууга алдырбай сабырдуулук кылып, окуучунун ата-энеси, мектеп администрациясы менен кеңешип, көйгөйдү тынч чечип койсо болмок", — деди министр.
Эске салсак, 25-майда интернетке окуучу кыз класста мугалим тарабынан сабалып жаткан видео чыккан. Кийин окуянын башталышы боюнча видео тараган.
Анда информатика мугалими 7-класстын окуучуларын урушуп жатат. Кыз отурган жеринен ыргып туруп, кыйкырып сүйлөй баштайт. Мугалимдин кызы тууралуу дагы сөз болуп, апасы аны коргоп жатканын көрүүгө болот.
Билим берүү жана илим министрлиги окуянын себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирген. Жергиликтүү милиция дагы текшерүүдө.
ӨКМ: Чаткалда класстын шыбы урап түшүп, ичиндегилер ооруканага жөнөтүлдү. Сүрөт