Кыргызстанда жеңил өнөр жайынын потенциалы абдан жогору. Импортко көз карандылыктан арылуу максатында фурнитура заводу ачылса ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, текстиль тармагында фурнитураны Кытай, Индия, Түркиядан ташып келгендиктен айрым учурда сапаты талапка жооп бербей келген.
"Кыргызстанда жеңил өнөр жайынын потенциалы абдан жогору. Мурда кичи цехтер гана иштеп экспорттоп келсе, учурда ири комплекстер салынууда. Алардын ишмердүүлүгү бир тараптуу болбой жатат. "Кыргыз индустриясы" ачык акционердик коому өзү фурнитура чыгарган завод ачканы турат. Анткени материалдардын көбү сырттан келип турган. Азыр республиканын түштүк регионунда жана Чүй өрөөнүндө да пахтанын санын көбөйтүүгө басым жасалууда. Демек, кездеме, тигүү, фурнитура да өзүбүздө өндүрүлсө Россия жана коңшу өлкөлөргө сапаттуу продукт жеткире алабыз. Учурда фурнитураны Кытай, Индия, Түркиядан ташып келебиз. Бирок бардык учурда эле алардын сапаты талапка жооп бербей калат", — деди Сагынбаев.
Ошондой эле адис ишкерликти колдоо максатында "Кыргыз индустриясы" ачык акционердик коому Кыргызстанга кирген жүк ташууларды аткарууга жоопкерчиликти алып жатканын кошумчалады.