БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Глобалдык энергетика орчундуу көйгөйлөргө кабылды. Учурда электр энергиясын иштеп чыгуу, колдонуу жана ташуу моделин өзгөртүү талап кылынууда. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү, министр Темирбек Асанбеков билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумдун "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык коридорлорун түзүүнүн келечеги" сессиясына катышууда.
"Учурда оңой эмес кырдаалда турабыз. Андыктан ЕАЭБ мамлекеттери биргелешип, макулдашылган саясат жүргүзүшүбүз керек. Мындан улам энергетикалык ресустардын жалпы рыногун түзүү актуалдуулугу күч алууда",— деди Асанбеков.
Анын айтымында, негизги максат — электр энергиясын сарамжал жана эффективдүү пайдаланууга өтүү.
"Бул боюнча ар бир өлкөнүн өкмөтү иш алып барууда. Ошондой эле логистика боюнча азыркы коридорлорду туура пайдалануу жана кеңейтүү маселеси бар", — деди министр.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу болуп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.