Евразия экономикалык форуму

Кыргызстан ЕАЭБге биргелешип микроэлектроника өндүргөн ишкана ачууга чакырды

Аткаминер өлкөнүн өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө потенциалы бар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева ЕАЭБ өлкөлөрүнө микроэлектроника чыгарган ишканаларды биргелешип ачууну сунуштады.
Ал бүгүн Евразия экономикалык форумунун "Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары" сессиясында сүйлөгөн.
Исаева Кыргызстандын өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө потенциалы бар экенин белгиледи.
"Кыргызстан импорттун ордун баса турган продукциялардын бир нече түрүн камсыздоо боюнча ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен биргелешкен ишкана, кооперативдерди түзүү жаатында кызматташууга даяр. Мен микро жана радиоэлектроникага басым кылгым келет. Себеби бизде кремнийдин ири көлөмдө запасы бар. Өз учурунда микроэлектрондук продукцияларды өндүрүп турганбыз. Азыр ошол кубаттуулукту калыбына келтиргибиз келет", — деди министрдин орун басары.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Долбоор Евразияда чоң секирик жасайт