БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Белгилей кетсек, бүгүн, 26-майда, коңшу өлкөнүн башчысы Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Аны аэропорттон министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган. Ал эми Садыр Жапаров менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан жолугушту.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
1.
1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жаза иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;2.
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы чек ара аймактарындагы табигый өрттөрдү алдын алуу жана аларды өчүрүү боюнча келишим;3.
2006-жылдын 4-июлундагы Кыргызстандын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;4.
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө-куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;5.
Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 2022-жылга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биргелешкен аракеттер планы;6.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;7.
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги жана JOINT TECHNOLOGIES компаниясы ортосунда "Карасу" жана "Ак-Тилек" автожол постторунун аймагында өнөр жай, соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча меморандум;8.
Кыргызстандын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Жамбыл облусунун акимиатынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;9.
Кыргызстандын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Түркстан облусунун акимиатынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;10.
Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Алматы облусунун акимиатынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү ниети жөнүндө протокол;11.
Кыргызстандын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Караганда облусунун акимиатынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;12.
Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Актөбө облусунун акимиатынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;13.
Кыргызстандын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Атырау облусунун акимиатынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.