БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Казакстан парламентинин сенаты Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдерди ратификациялады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Казакстан парламенти Кыргызстандын өкмөтү менен акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууну карады. Документке ылайык, Казакстан кошуна өлкөгө курал-жарак, ок-дары жана атайын техника берет", — деп айтылат кабарда.
Агенттик билдиргендей, буга чейин Казакстандын коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев техниканы казак тарап Кыргызстандын Кой-Таш айылына өз каражатына жеткирип берерин айткан.
Кыргызстан техниканы жана ок-дарыны коопсуздук максатында гана колдонууга, үчүнчү тарапка бербөөгө жана КМШ өлкөлөрүнө каршы колдонбоого милдеттендирилген.
Ушундай эл жардамды коңшу мамлекет Тажикстанга дагы көрсөтөрү маалым болду.