Евразия экономикалык форуму

Евразия экономикалык форумунун президенттердин катышуусундагы жыйыны өттү. Видео

Sputnik
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Иш-чара Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусундагы жолугушуу менен аяктайт.
Ага Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын жетекчиси Касым-Жоамарт Токаев жана Россия лидери Владимир Путин катышууда. Андан сырткары, Беларустун премьер-министри Роман Головченко бар.
Катышуучулар видеоконференция аркылуу сүйлөшөт. Буга чейин форумдун алкагында жыйырмадай тематикалык сессия өткөн.