Евразия экономикалык форуму

Кожошев ЕАЭБ кайсы тармак боюнча иш алып барышы керектигин айтты

Кожошев өткөн жылдардагы глобалдык өзгөрүүлөргө, коронавирус пандемиясына карабастан ЕАЭБ жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттер кайсы багыттарга көңүл буруп, кайсы тармактарга басым жасаш керектигин айтты.
Ал Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун алкагындагы "ЕАЭБ кызматташтыгынын жаңы багыттары" аттуу сессияда сөз сүйлөдү.
Кожошевдин айтымында, биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикалык абалына таасир эткен өткөн жылдардагы глобалдык өзгөрүүлөргө, коронавирус пандемиясына карабастан ЕАЭБ жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөттү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары президент Садыр Жапаров белгилеген төмөнкү багыттарга көңүл бурууну сунуштаган.
Биринчи кезекте 2025-жылга чейин экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетүү зарыл. Анда өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу каралган.
Кийинкиси кызматташтыкты өнөр жай, агроөнөр жай жаатында өнүктүрүүгө багытталган.
"ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугу да актуалдуу маселе болуп саналат, Кыргызстан ага өзгөчө маани берет. Бул жаатта баалардын өйдө-төмөн болушун кармап туруу жана айыл чарба өндүрүшүн камсыз кылуу үчүн биргелешкен агроөнөр жай саясатын жүргүзүү керек. Өнөр жай секторунда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ЕЭК аянтчасы жакшы мүмкүнчүлүк", — Кожошев.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетикалык жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Баалуу кагаздарды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биржасында жайгаштыруу пландалууда