Евразия экономикалык форуму

Казакстандык аткаминер: жүк ташуудагы көйгөйдү чечүүнүн бир эле жолу бар

Коңшу өлкө транспорттук документтерди башкаруунун бирдиктүү системасын иштеп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Автотранспорт менен жүк ташууда документтерди электрондук форматка өткөрүү менен гана көйгөйдү чече алабыз. Бул туурасында Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин транспорт комитетинин төрагасы Самат Гилимов билдирди.
Ал бүгүн Евразия экономикалык форумунун "Транспорттук комплекс — Евразиялык экономикалык интеграциянын каркасы" сессиясында сүйлөдү.
"Жүк коштоочу документтерди санариптештирүү — учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жападан жалгыз жолу. Бул чоң көйгөй жаратып жатканын белгилешүүдө. Бирок мында көптөгөн тобокелчиликтер бар. Үчөөнү эле айтайын: өткөрүү ылдамдыгы, коррупциялык иштер, өз дарегине убагында жеткирүү", — деди Гилимов.
Ошондой эле ал транспорттук документтерди башкаруунун бирдиктүү системасын иштеп чыкканын, аны Нур-Султанга келген кээ бир кесиптештерине көрсөтүп бергенин белгиледи.
"Системага биздин 8 000ден ашуун жүк ташуучу катталды. Документтерди электрондук форматка, жүктү аралыктан текшерүүгө өтүп жатабыз. Муну жыл соңуна чейин ишке киргизебиз. Бул системанын жардамы менен ачыктык толук камсыздалат", — деди казакстандык аткаминер.
Ошондой эле сессиянын модератору Юрий Лавриненко санариптештирүү так статистиканы дагы аныктоого мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу болмокчу.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Долбоор Евразияда чоң секирик жасайт