Евразия экономикалык форуму

Токаев: Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестиция салышы мүмкүн

Казакстандын лидери суу-энергетика тармагында өз ара мамилелерди координациялоо зарылчылыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Казакстан Кыргызстанда гидроэнергетикалык станцияларды курууга инвестиция салышы мүмкүн. Бул туурасында коңшу өлкөнүн президентинин маалымат кызматы билдирди.
Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаров менен Бишкектеги жолугушуусунда инвестициялык кызматташууну активдештирүүгө чакырды.
"Кыргызстанда гидроэнергетикалык станцияларды биргеликте куруу, тагыраак айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСи перспективдүү долбоорлордун бири болушу мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, казакстандык капиталдын катышуусу менен Ысык-Көл облусуна күн электр станциясын куруу пландалып жатканы белгиленди. Долбоорду ишке ашырууга 300 миллион доллар керектелет.
Казакстандын лидери дагы бир артыкчылыктуу багытка токтолуп, суу-энергетика тармагында өз ара мамилелерди координациялоо зарылчылыгын айтты.
"Чек аралаш суу ресурстары биз үчүн жалпы баалуулук болуп саналарын дагы бир ирет ырастадык. Суунун тартыштыгы жыл сайын күч алууда. Мындай божомолду беделдүү эл аралык экономикалык уюмдар чыгарып жатат. Суунун мындан ары көбөйбөшү түшүнүктүү. Андыктан Борбор Азия өлкөлөрү биргеликте иштеши керек. Казакстан өз милдеттерин толугу менен аткарууга жана биргеликте маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр", — деди Токаев.
Белгилей кетсек, Токаев бүгүн Бишкекке расмий сапар менен келген.
Евразия экономикалык форуму
Россия Казакстан аркылуу Кыргызстанга энергетикалык коридор курууну көздөөдө