Евразия экономикалык форуму

Евразиялык экономикалык форумда Путин токтолгон маселелердин урунттуу учурлары

РФ президенти эмгек мигранттарынын Россиядан өз өлкөлөрүнө акча которуулары кыскарбаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп, анын алкагында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусунда пленардык жыйын болду. Ага Россия лидери Владимир Путин онлайн катышты.
Жыйында Владимир Путин токтолгон маселелердин урунттуу учурларын сунуштайбыз:
Россия глобалдык экономикалык майдандан кетпейт. Бизди сүрүп чыгаргылары келип жатат, бирок бул азыркы заманда мүмкүн эмес. РФ дүйнөлүк экономикада өз ордун сактап калат;
Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн дүйнөдөгү саясий кырдаал менен байланышы жок. Дүйнө жүзүндө экономикалык өнүгүүнүн борбору акырындап Азия-Тынч океан регионуна жылып баратат;
"Ири Евразия" көпчүлүктү кызыктырган борбор болот;
Россия дүйнөдө буудайды эң көп экспорттогон мамлекет бойдон кала берет;
Россия алдыңкы технологияларга басым жасай баштады. Жогорку технологиялык тармакты ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен бирге өнүктүрүүнү каалайт;
Батыштын санкцияларынан эч нерсе өзгөрбөйт. Россиянын бизнеси өлкөдөн чыгып кеткен компаниялардан калган боштукту ээлеп калат;
ЕАЭБде улуттук валютада эсептешүүнүн үлүшү 75 пайызга жетти. Улуттук төлөм системаларын жана банк карталарын өз ара колдонуу боюнча иштер улантылат;
Көз карандысыз саясат жүргүзүүнү каалаган мамлекеттердин катары калыңдап жатат;
ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн комплекстик стратегиясын түзүү мезгили келди;
Эмгек мигранттарынын Россиядан өз өлкөлөрүнө акча которуулары кыскарган жок. Тескерисинче, айрымдарында көбөйүп жатат;
Россиянын бизнеси оңой эмес шартта жакшы иштеп жатканын көрсөтүп, тез ыңгайлашып кетүүдө;
Россия бир гана импорт алмашуу менен алектенбейт. Өлкө өзүнүн өнөр жай, технологиясын өнүктүрмөкчү.
Өлкө башчыларынын пленардык жыйынына Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын жетекчиси Касым-Жомарт Токаев жана Россия лидери Владимир Путин катышкан. Андан сырткары, Беларустун премьер-министри Роман Головченко да болду.
Буга чейин форумдун алкагында жыйырмадай тематикалык сессия өткөн.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Путин Ири евразиялык өнөктөштүк түзүү тууралуу демилгени эске салды