Евразия экономикалык форуму

ШКУнун башкы катчысы уюмдун ЕАЭБ менен кызматташуу келечегине токтолду

Чжан Миндин айтымында, ЕАЭБдин өнүктүрүү планы менен ишинин максатын ШКУнун жумушу менен чогуу алып кетсе болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) менен Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) кызматташууну колдойт жана бири-биринин ишмердүүлүгүнө активдүү катышат. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун алкагындагы "ЕАЭБ кызматташтыгынын жаңы багыттары" аттуу сессияда сөз сүйлөдү.
Миндин айтымында, эки уюм экономика, финансы, логистика, соода, инвестиция, санариптешүү, бажыны жөнгө салуу, өнөр жай, энергетика, айыл чарба сыяктуу тармактарда өз ара кызматташуусун аныктап алган.
"Ушундан улам эки уюм кызматташтыктын укуктук негизин жакшыртып алды. Тараптар ортосундагы биргелешип иштешүү аймакты өнүктүрүүгө пайдасы тиет деп ишенебиз. Евразия экономикалык комиссиясы аймактык экономикалык өнүгүүнү алып кетүүдө уникалдуу артыкчылыкка ээ. ЕАЭБдин өнүктүрүү планы менен ишинин максатын ШКУнун жумушу менен чогуу алып кетсе болот", — деди Чжан Мин.
Ал эл аралык кырдаал өзгөрүп жатканын айтып, коронавирус пандемиясы экономикага олуттуу таасирин тийгизгенин кошумчалаган.
"Аймактык экономика бутуна туруп алыш үчүн бардык күч-аракетти бириктирип, эл аралык өнөр жай жеткирүүлөрү үзгүлтүккө учурабай иштеп туруусун камсыз кылышыбыз керек. Эң башкысы, биздин мамлекеттердин калкынын үмүтү жана ишеничи болушу шарт. Бүгүнкү иш-чарада бардык өлкөдөн келген коноктор аймактын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн идеясы менен алмашып, билим, акылын бириктирет деп ишенебиз", — деди ал.
Чжан Мин ШКУ 20 жыл ичинде экономика, коопсуздук, саясат жана гуманитардык байланыш сыяктуу өнүгүүнүн төрт баскычын акырындык менен түзгөнүн айтып, аймактык коопсуздук жана туруктуулуктуу колдоодо ШКУнун орду алмаштыргыс экенин белгилеген.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Кыргызстан ЕАЭБге биргелешип микроэлектроника өндүргөн ишкана ачууга чакырды